Жеке компания кант диабетинен жабыркаган балдарга жардам катары 1000 таңгак инсулин берди

26-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги «Медко Интернешнл» компаниясы кант диабети менен ооруган балдарга жардам катары 1000 таңгак инсулин бергенин билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик инсулинди жеткирүү боюнча тендер өткөрдү. Жакында инсулиндин алгачкы партиясы келери күтүлүүдө. Ал өлкө боюнча муктаж болгон балдарга бөлүнүп берилет.

«Кант диабети менен жабыркаган балдардын ден соолугу үчүн өтө маанилүү болгон өмүрдү сактап калуучу дары-дармектер менен камсыз кылганы үчүн компанияга ыраазыбыз» — деди министр Гүлнара Баатырова.

Өткөн жылы кант диабети менен жабыркаган бейтаптар өлкөдө инсулин тартыш болуп жатканын айтып чыгышкан. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго дарыканалар менен сүйлөшүүнү сунуштаган.

«Инсулин сатып алууда “кант диабети жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу керек, анда мамлекеттик резервде инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Тилекке каршы мыйзамдын бул нормасы аткарылбайт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдык запасты кармап туруу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөм» , — деген ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы 74 миң 810 бейтап кант диабети менен катталган, бул сан жыл сайын 5-6 миңге өсүүдө.

Автору: Бурулсун Жумалиева