«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы минкабдын отставкага кетүүсүн талап кылды

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы министрлер кабинети толук курам менен отставкага кетсин деген сунушту демилгеледи. Бул тууралуу фракциянын лидери Адахан Мадумаров Телеграм каналына жазды.

Анын айтымында, фракциянын чечими Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген.

Минкабды отставкага кетирүү маселесин Мадумаров февраль айында эле көтөргөн. Анда депутат өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен кайым айтыша кеткен. Буга пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан да төмөндүгү маселеси себеп болгон.

Анын айтымында, минкаб Конституцияда жазылган «пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө болушу керек» деген талапты аткарбай жатат.

Конституциянын бул бөлүгү (44-бөлүмү) 2023-жылы 1-январда күчүнө кирген. Жашоо минимуму ал кезде айына 6800 сом болчу. Ал эми пенсиянын минималдык өлчөмү 1200 сомду түзгөн. Январда улуттук статком 2022-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык жашоо минимуму 7178 сомду түзөрүн белгилеген.

Анда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул талаптарга: «Төлөбөсөк, өлөйлүбү эми?» деп жооп берген.

Ал ошондой эле минкаб Конституциялык соттон бул берене (44-берене) боюнча түшүндүрмө берүүсүн сураганын айтып жооп берген. Аталган берене жарандарга пенсия жана жөлөк пулдарды жашоо минимумунан аз эмес өлчөмдө камсыз кылууну кепилдейт.

Кийинчерээк сот муну «мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнүүгө болбойт» деген корутунду чыгарган.

Тема боюнча:

Конституциялык сот: Мамлекет жашоо минимумунан төмөн эмес пенсия, жөлөк пул берүүнү кепилдөөгө милдеттүү эмес