«Кумтөр» 2022-жылы дээрлик 1 млрд долларга алтын саткан

«Кумтөр Голд Компани» компаниясы 2022-жылы 17 тонна алтын сатып, 986 млн 511 миң доллар тапкан. Бул тууралуу министрлер кабинетинни басма сөз кызматынан билдиришти.

Акционерлердин алдында компаниянын иши боюнча отчёт берип жатып «Кумтөрдүн» өкүлдөрү 2022-жылы 32 млрд сом салык жана башка төлөмдөрү төлөнгөнүн билдиришти.

Бул жолугушууда минкабдын башчысы Акылбек Жапаров «алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышы жана бардык отчёттордун даректүү болушу керектигин» белгиледи.

«“Кумтөр” мамлекетке өткөнгө чейин отчёттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин отчёттор так болушу керек. Бул үчүн Директорлор кеңеши дагы көзөмөлдү баштан аяк катуу койгула», — деди Жапаров.

2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» 14 тоннадан ашык алтын өндүрүүнү пландап жатат.

Андан тышкары компания 2026-жылдан тарта Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайдын калдыктарын кайра иштетип баштоону пландап жатат. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, калдык сактоочу жайдан алына турган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда. Калдыктарды кайра иштетүүнү Финляндянын Metso Outotec компаниясы колго алат.