Ош шаарынын вице-мэрлигине Замир Юсупов дайындалды

Замир Юсупов. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарынын вице-мэри болуп Замир Юсупов дайындалды. Бул тууралуу 26-апрелде Ош шаардык мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган буйрукка шаар башчысы Бакытбек Жетигенов 26-апрелде кол койду. Ал курулуш жана менчик тармагын карайт.

Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов жана мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров 5-апрелде өз арыздарынын негизинде кызматтан бошотулган.

37 жаштагы Юсупов вице-мэрлик кызматта буга чейин дагы эмгектенип, 2021-жылы 6-сентябрда мурдагы мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты, ишкер Марс Исаев дайындалган.

Юсупов деген ким?

Замир Юсупов — Ош облусунун мурдагы башчысы Байыш Юсуповдун уулу. Ал «Биримдик» партиясынын Оштогу штабын башкарып турган.

Мындан сырткары Юсуповдун аты 2020-жылы апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында бир нече жолу аталган. Ал «Биримдик» партиясынан талапкер болуп, бирок шайлоо COVID-19 илдетине байланыштуу жылдырылган.

Ошол эле жылы «Азаттык» басылмасы «Биримдик» партиясы өз тарапташтарына гана ун таратып жатканы тууралуу макала жарыялаган. Анда таратылган ун Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөнүн кабарлашкан.

Анткен менен Юсупов бул маалыматты төгүндөп, партиянын атынан азык-түлүк таратылбаганын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун вице-мэри жана мэрдин кеңешчиси өз арыздары менен кызматтан кетти

Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Замир Юсупов дайындалды