«ИЗЮМдун» ээси Марс Исаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Марс Исаев. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты, ишкер Марс Исаев 6-сенятбрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Исаевди вице-мэрликке жаңы шайланган мэр Алмаз Мамбетов дайындады. Буга чейин бул кызматты Замир Юсупов ээлеген.

Марс Исаев деген ким?

Исаев эмгек жолун 2006-жылы президенттин иш башкармалыгында иштеп баштаган. Ал 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы, ошол эле учурда «Нур Телеком (О!)» ЖЧКсында башкы директордун орун басары болуп иштеген.

Исаев 2011-жылы кайрадан депутаттын жардамчысы болуп, 2012-жылы Каржы министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башкы адиси кызматына дайындалган. Анткен менен ал депутатка жардамчы бойдон калган.

2018-жылы Исаев КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешке депутат болуп келген. Ал эми 2020-жылы шаардык кеңешке шайлоодо ал «бийликчил» «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Ошол эле учурда Марс Исаев ишкер катары да таанымал. Анын атына «Johnny PUB» (Джонни ПАБ) ЖЧКсы катталган. Мындан сырткары ал «Дорога бойцовского чемпионата РФЧ-ММА» федерациясы жана «“Арт Таймаш” маданиятты жана спортту колдоо» фондуну жетектейт.

Исаев вице-мэрлик кызматка келгенге чейин «РосАгроМаркет-КГ» ЖЧКсын жетектеген, бирок 2021-жылдын 17-августунда компаниянын директору алмашкан.

Мындан сырткары, Исаев мурда «Имар Строй» ЖЧКсына ээлик кылып келген, бирок үстүбуздөгү жылдын июнь айында курулуш компания Эрнис Садыковдун атына өткөн. Исаевдин эң таанымал бизнестеринин бири бул «ИЗЮМ» ресто-бары — аталган ресторанда калаа башчы Мамбетов мэриянын аткаминрелерине жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарына «чай» уюштуруп берген. Исаев «ИЗЮМдун» жетекчиси катары 2019-жылы мэриядан ардак грамота алган. 

Мамбетов депутаттарды шайлоо өткөн күнү сыйлаган. Анткен менен депутаттардын көпчүлүгү «чайды» мэр уюштурганын моюндаган эмес. Алар ар кандай шылтоолорду айтып, журналисттердин суроолорунан буйташкан.

ТЕМА БОЮНЧА: «Устукан тартылган». Оштун мэри Алмаз Мамбетов депутаттарды ресторанда сыйлады