Бир кадр менен: Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторун жаңылады

Улуттук банк 2010-жылдын 10-майынан тартып жүгүртүүгө 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду чыгарып жатат. Бул тууралуу 28-апрелде Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Сүрөт: «Кабар»

Бул улуттук валютанын бешинчи сериясы экени белгиленди. Куленбеков банкноттордун жаңы сериясы республиканын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналганын жана ал 1993-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки жүгүртүүдөгү эволюциясын чагылдырып турарын айтып берди.

Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева жаңы банкноттордо үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтери бар экенин белгиледи. Ал банкнотторду эскилеринин кир көтөрүүмдүлүгү жоктугунан улам, ошондой эле сапатын жакшыртуу үчүн жаңылоо чечилгенин дагы кошумчалады.

Мындан тышкары, банкноттордо көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар үчүн тактилдик белгилери болот.