Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан пара дзюдо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Ал 48 килограмм салмактык категорияда күч сынашты. Финалдык беттеште өзбекстандык дзюдочу Фотима Тоированы 10:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Андан тышкары Азия чемпионатында Регина Саламатова (48 кг) коло медалга ээ болду. Ушундай эле үчүнчү орунга эркектер арасында Алихан Жумагулов (60 кг), Темирлан Абдукаримов (60 кг) жана Маматибрагим Суранов (60 кг) татыды.

Пара дзюдо боюнча улуттук кураманын куржунунда жалпы 5 медаль бар. Азия чемпионаты 26-апрель күнү башталган, 1-майда жыйынтыкталат.

Кыргыз спортчудары өткөн жылы Токиодо өткөн Паралимпиадалык оюндарга катышкан болчу.