Тамерлан Осмонов Базар-Коргон шаарынын мэри болуп дайындалды

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон шаарынын мэрлигине Тамерлан Осмонов дайындалды. Бул тууралуу 28-апрелде райондук администрацияга таянып «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, райондук администрация жаңы дайындалган калаа башчысын мэриянын жамаатына 27-апрелде тааныштырды.

38 жаштагы Осмонов буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жол башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Мурдараак ал Жалал-Абад шаардык кеңешинин V-VI чакырылыштарында депутат болгон.

Өткөн жылы июнь айында Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Ильяс Төлөнов калаада бир нече маселе өз убагында чечилбегендиктен кызматынан бошотулган.

Аткаминерлер арасындагы чыр

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында УКМК Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиевди жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешовду алдамчылыкка шектеп кармаган.

УКМК алар Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновдун «кайрадан кызматка келүүсүнө көмөктөшүүнү убадалап, президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алганын» кабарланган.

Атайын кызматтан шектүүлөр «берген убадаларын аткарбай, Төлөновдун акчасын кайтарбай, коркута башташкан» деп белгилешкен.

Кийинчерээк тараптар өз ара жарашышканына байланыштуу Жалал-Абад шаардык сотунун 15-марттагы токтому менен шектүүлөр кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

2022-жылдын ноябрь айында Төлөновго жер алдамчылыгы боюнча айып тагылган. Анда Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан үй салууга мыйзамсыз жер тилкелери берилгени белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргондо экс-мэрди кызматка кайтарууну убадалап, 20 миң доллар алган аткаминерлер кармалды

Базар-Коргон: Алдамчылыкка шектелген аким бир айга камалды, шаардык кеңештин депутаты үй камагына чыкты