Видео: Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалап жатышат, 47 күндө 3,7 тонна таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 47 күндүн ичинде Ысык-Көлдүн түбүнөн 3,7 тонна таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты.

Маалыматка ылайык, көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирген таштандыларды тазалоо иши 12-мартта эле башталган. 28-апрелге карата Ысык-Көлдүн 50 000 гектардан ашык аянты тазаланды.

Ысык-Көлдөгү таштандыны тазалоо

Көлдүн түбүн жана жээктерин таштандылардан тазалоо боюнча иштер 2012-жылдан бери жыл сайын май айынан сентябрга чейин жүргүзүлөт. Акциялар Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги эс алуу аймактарында өткөрүлөт.

2015-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча акция уюштурушкан. Эксперттердин айтымында, Ысык-Көлдүн булганышы — андагы чабак балыктарынын жок болушунун бирден-бир себеби.

2014-жылы Ысык-Көлдүн түндүк тарабынан суучулдар 57 кубометр таштанды чогултушкан. Жалпысынан 2015-жылы көлдүн түбүн, түштүк жана түндүк жээктерин тазалоого Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча республикалык фонддон 1,1 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн.

2017-жылы «Эко Деми» коомдук фонду жана «Таза Ысык-Көл» ыктыярчылык кыймылы көлдү таштандылардан тазалоо боюнча бир күндүк акция өткөрүшкөн. Акцияга катышуу үчүн Бишкектен Ысык-Көлгө 150дөн ашуун ыктыярчы барган.

2018-жылы көлдүн жана анын жээгинин кирдешине парламенттин бир нече депутаты көңүл бурушкан. Алар Ысык-Көлгө желим баштыктарды жана бөтөлкөлөрдү киргизүүгө, облуста ишке ашырууга жана колдонууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунушташкан.

Ошондо экологдор мындай идеяны колдоп, бирок тыюу салууларды акырындык менен киргизиш керектигин айтышкан. Эколог Эмил Шүкүров бүтүндөй Ысык-Көл облусу «баштыксыз аймак» болушу керектигин айткан, анткени желим баштык жана бөтөлкө колдонуу экономикалык жана экологиялык жактан кооптуу.

«Ысык-Көлгө абдан көп эл келип, эс алат дагы толтура таштанды калтырышат, анын ичинде ушул пакеттер да бар. Ошонун баары көлгө кошулуп, жээктеги эс алуучулардын ден соолугуна зыян келтирет», — деп түшүндүргөн эколог өз сунушун.

2020-жылы чет өлкөлүк жарандар көлдүн жээгин тазалап, эс алуучулар калтырган таштандыларды чогултушкан.