Видео: Чет өлкөлүктөр Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалашты

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жарандар эс алуучулар көлдүн жээгинде калтырган таштандыларды чогултуп, тазалашты. Аргентиналык режиссёр Марсело Зиглер өзүнүн Твиттеринде алар эс алууга чыгып, пикниктен кийин таштандыларга туш болушканын жазды.

«Биз бул жерде толтура таштанды жатканын көрдүк. Аларды чогултуп, кетип баратканда кошо алып, таштанды талаасына ыргытып койдук», — деп жазган ал.

Зиглер Бразилия менен Эквадордун жарандары менен чогуу болгонун кошумчалады.

Марсело Зиглер өзүнүн тобу менен биргеликте Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде роликтерди тартат. Анын соцтармактарда жарыяланган акыркы видеолору Ысык-Көлдөн тартылган.

Ысык-Көл жана таштандылар

Көлдүн түбүн жана жээктерин таштандылардан тазалоо боюнча иштер 2012-жылдан бери жыл сайын май айынан сентябрга чейин жүргүзүлүп келет. Акциялар Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги эс алуу аймактарында өткөрүлөт.

2015-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча акция уюштурушкан. Эксперттердин ою боюнча, Ысык-Көлдүн булганышы андагы чабак балыктарынын жок болушунун себептеринин бири болду.

2014-жылы Ысык-Көлдүн түндүк тарабынан суучулдар 57 кубометр таштанды чогултушкан. Жалпысынан 2015-жылы көлдүн түбүн, түштүк жана түндүк жээктерин тазалоого Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча республикалык фонддон 1,1 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн.

2017-жылы «Эко Деми» коомдук фонду жана «Таза Ысык-Көл» ыктыярчылык кыймылы көлдү таштандылардан тазалоо боюнча бир күндүк акция өткөрүшкөн. Акцияга катышуу үчүн Бишкектен Ысык-Көлгө 150дөн ашуун ыктыярчы барган.

2018-жылы көлдүн жана анын жээгинин кирдешине парламенттин бир нече депутаты көңүл бурушкан. Алар Ысык-Көлгө желим баштыктарды жана бөтөлкөлөрдү киргизүүгө, облуста ишке ашырууга жана колдонууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунушташкан.

Ошондо экологдор мындай идеяны колдоп, бирок тыюу салууларды акырындык менен киргизиш керектигин айтышкан. Эколог Эмил Шүкүров бүтүндөй Ысык-Көл облусу «баштыксыз аймак» болушу керектигин айткан, анткени желим баштык жана бөтөлкө колдонуу экономикалык жана экологиялык жактан кооптуу.

«Ысык-Көлгө абдан көп эл келип, эс алат дагы толтура таштанды калтырышат, анын ичинде ушул пакеттер да бар. Ошонун баары көлгө кошулуп, жээктеги эс алуучулардын ден соолугуна зыян келтирет», — деп түшүндүргөн эколог өз сунушун.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.