«Болуп көрбөгөндөй кысым». Медиа коомчулук «Азаттыктын» жабылышы боюнча бийликке кайрылуу жасады

Кыргызстандагы медиа коомчулук бийликти «Азаттыкка» болгон кысымды токтотууга чакырды. Мындай кайрылуу «Азаттыктын» ЖМК катары ишин токтотуу боюнча соттун чечимине байланыштуу жасалды.

Билдирүүдө сот өкүмү Конституцияга, мыйзамдарга жана өлкөнүн ой-пикир билдирүү, маалымат алуу эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келери айтылат.

«“Азаттык Медианы” бир эле берүүсүндө согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну, башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү үгүттөөгө айыптоо аракети акылга сыйбаган көрүнүш. Согушка үгүттөө,куралдуу жаңжалды тутандыруу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө жайылтуу болуп саналат. Ал эми башка элдерге жана улуттарга сабырсыздык зомбулукка, басынтууга чакыруулар менен шартталып же кайсы бир улуттун, элдин башкалардан өзгөчөлөнөрү жөнүндө маалыматты таратуу менен туюндурулууга тийиш. Бирок мындай маалыматты “Азаттык Медиа” редакциясы тараткан эмес», — деп белгилешти кайрылуу жасагандар.

Медиа коомчулук «мамлекеттик органдардын басылманы жабуу аракети, улуттук кызыкчылык көз карашынан алганда, зыяндуу аракет» экенин белгилешти. Ошодой эле «Азаттык» 30 жылдан ашык тарыхында «болуп көрбөгөндөй кысымга биринчи жолу кабылып жатканын» кошумчалашты.

«Кыргызстанда “Азаттыктын” жабылышы ансыз да чабал демократиябызды өтө маанилүү активден ажыратууда, бул медиа мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин жогорулатып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатында 30 жылдан бери коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү, социалдык маанилүү репортаждарды чыгарып келген Кыргызстандагы өзөктүү маалымат каражаттарынын бири болгон», — дешти бийликке кайрылгандар.

Медиа уюмдар бийликти «Азаттыкка» картаа жасалып жаткан «болуп көрбөгөндөй» кысымды токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, кылмыш куугунтугун токтотууга жана банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга чакырды.

«Азаттыкты» жабуу аракети

«Азаттык» үналгысынын ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча акыркы сот 27-апрелде болду. Сот Маданият министрлигинин басылмага каршы доо арызын канааттандырды.

Судьялардын айтымында, чечимди Бишкек шаардык сотунда даттанса болот.

«Азаттыктын» адвокаты Тимур Султанов «Клоопко» курган маегинде соттун чечимине макул эместигин жана апелляциялык арыз берерин билдирди.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.