Govori TV’нын журналисти соттон күч менен чыгарылды. Соттон ал «чыр-чатак чыгара баштаган» дешүүдө

Соцтүйүндөрдө сот приставдары Кемпир-Абад иши боюнча сот отурумун чагылдырганы барган Govori TV’нын журналисти Гүлназ Мидинованы Бишкек шаардык сотунан күч менен чыгарып жатканы тартылган видео тарады. 

«Гүлназ Мидинова соттун имаратында жалгыз болчу. Коридордо телефондун стабилизаторун тууралап жаткан экен. Сот приставдары эч нерсе айтпай эле аны имараттан чыгарып салышыптыр. Журналист эч нерсе тартпай эле турган. Ал сот приставдарынын үстүнөн чара көрүүнү суранып, милицига арыз таштайт», — деди Govori TV’нын жетекчиси Кайыргүл Урумканова 24.kg басылмасына курган маегинде. 

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен аталган видеого байланыштуу комментарий берип, сот приставдары журналист «сотко келгендерге экинчи кабатка өтүүгө тоскоолдук кылып жаткан» деп айтышканын билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, ал биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы тепкич аянтчасында сумкаларын коюп, Бишкек шаардык сотунун короосунда турган конвойдун «автозагын» телефонго тартып баштаган.

«Сот приставы аталган жаранга өзүн тааныштырып, биринчи кабатка түшүү жана сотко келген жарандарга тоскоолдук кылбоо өтүнүчү менен кайрылган учурда, кыйкырып, чыр-чатак чыгара баштаган. Сот приставынын өзүн тааныштыруу жана паспортту көрсөтүү талабына макул болбой койгон. Андан соң аталган жаранды соттун имаратынан чыгарууга туура келди. Учурда Бишкек шаарынын сот приставдары кызматынын тиешелүү аймактык бөлүмүнөн рапорттор алынып, таркап жаткан видеоматериал, ошондой эле алынган документтер изилденүүдө. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганын билдиришти», — деп айтылат билдирүүдө.