Депутат Балбак Түлөбаев президентти жамандаган «ээн баш» блогерлерге чара көрүүгө чакырды  

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бийликти президенти жана парламентти жамандаган блогерлерге карата чара көрүүгө чакырды.

Ал парламент жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, акча опузалоого шектелип кармалган блогерди мисал кылды

«Президентти, көрүнгөндү жамандады. Барын жамандап жатып, мына бүгүн пара менен кармалды. [Адамды] шантаж кылып жатышат. Милицияны блогерлер алып барып, текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык? Муну кандай кылабыз? Мына бир блогер чыгып алып кыргызды ашатып сөгүп жатат. Көрүнгөнү мамлекеттик органдарга кирип алып, өзүнүн правасын качать этип, ит-акмагын чыгарып иштетпей жатышат. Буга өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек да. Түндө президенттен баштап сөгүп жатып, мына бүгүн 40 миң доллар пара менен кармалды. Эмне деген гана сөздөрдү айтып жаткан жок», — деди депутат. 

Анын айтымында, блогерлерди ЖМКдан бөлүү керек. 

«Бул өлкөдө мамлекет барбы? Өкмөт менен парламент ЖМК менен блогерлерди, ээн баштарды, ичи тарларды бөлүп, тартипке келтиришибиз керек да», — деди Түлөбаев. 

Депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровду биринчи жолу эле коргоп жаткан жок. Буга чейин ал президентти сындагандарга нааразычылыгын билдирген. Анда ал президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушунун айынан өлкө башчысын «талап кете жаздашкан» деген.