Ош: Сулайман-Тоо музейинин директорлугуна Гүлбара Абдыкалыкова дайындалды

Гүлбара Абдыкалыкова

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорлугуна Гүлбара Абдыкалыкова дайындалды. Бул тууралуу 3-майда Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдыкалыкова министр Алтынбек Максутовдун сунушу менен кызматка дайындалып, буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жетекчини эмгек жамаатына Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Гүлбара Абдыкалыкова — 41 жашта. Ал буга чейин министрликке караштуу Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгында башкы адис, кийинчерээк Улуттук тарых музейинде директордун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

Ошондой эле ал, Өкмөттүк эмес уюмдарда, окутуучулук жана котормочулук жаатта иштеген.

Буга чейин музей-комплекс тогуз айдан бери жетекчиси жок иш алып барган. Министрлик анын себебин атайын талаптарга туура келүүчү кадрды тандоо зарылчылыгына байланыштуу болгону менен түшүндүрдү.

Музейдин мурдагы жетекчиси Султан Абдырахманов 2022-жылы июль айында кызматтан бошотулган. Анын ишмердигинде кызматкерлер менен пикир келишпестик бар экени тууралуу кабарлар чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көк шибер, гүл ачкан бадамдар. Сулайман-Тоодон сүрөт баян