Султанбаев: Жапаров Москвага «Кремлге» дрондор «чабуул» кылганына карабастан барат

Президент Садыр Жапаров Москвага Кремлге дрондор «чабуул» жасаганына карабастан расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев РИА Новостиге билдирди.

«Президенттин эл аралык иш-чараларынын графиги өзгөргөн жок», — деп билдирди Султанбаев.

Садыр Жапаров 8-9-майда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга барат. Кыргызстандын президенти 9-майда Москвада өтүүчү парадга бара турган башка мамлекеттин жалгыз өкүлү болот деп күтүлүүдө.

3-майга каратаган түнү Кремлге учкучсуз аппараттар «чабуул» жасашкан. Орусия президентинин басма сөз катчысы эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Көп өтпөй эле интернет түйүнүнө окуя жеринен тартылган видео пайда болгон, андан учкучсуз аппараттардын бири Сенаттар сарайынын үстүнөн жарылганын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kloop | Новости Кыргызстана (@kloopnews)

Орусиянын расмий бийлиги учкучсуз аппараттардын «чабуулун» «Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кол салуу аракети» деп атады. Путин «чабуул» учурунда башка резиденцияда болгону белгиленди.

Украина бул окуяга тиешеси жоктугун билдирди. Президент Владимир Зеленский «Украина Путинге да, Москвага да кол салбай турганын» белгиледи.

Америкадагы Согушту изилдеген институт (ISW) учкучсуз аппараттардын Кремлге жасаган «чабуулун» изилдеп чыгып, ал «атайылап эле уюштурулган» болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Алар орус бийлигинин «окуяга тез, ырааттуу жана координацияланган» чара көрүүсүн өз тыянагына аргументтердин бири катары келтиришти. Эгер чабуул өлкө ичинде уюштурулбаганда, бул орус бийлиги үчүн күтүүсүз болуп, алар ага мынчалык тез реация кыла алышпайт болчу деп белгилешти ищилдөөнүн авторлору.

Дрондордун Кремлге «чабуулунан» кийин Москвада учкучсуз учуучу аппараттарды учурууга тыюу салынды.

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салган, Орусия баштаган согуш азыр да уланып жатат.

Батыш өлкөлөрү аскердик кол салууну сынга алып, Орусияга карата көп сандагы санкцияларды салган. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга көмөктөшкөн өлкөлөргө карата санкция киргизилерин бир нече жолу эскерткен.

БУУнун 2023-жылдын 2-майга карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 8 709 жай тургун каза таап, дагы 14 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюмдагылар курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн дешүүдө. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.