Бурмалап, саясат жасоо орунсуз — Орунбеков президенттин орус тилин даңазалаган жазуунун алдындагы сүрөтү тууралуу

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары президенттин №77 мектепте түшкөн сүрөтүн бурмалашканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

Садыр Жапаров Бишкектеги №77 орто мектепке барган. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

4-майда Жапаров №77 орто мектепке плансыз барган. Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы сүрөттөрдү жарыялаган, алардын биринде Жапаров орус тили даңазаланган жазуунун алдында окуучулар менен турганын көрүүгө болот. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

«Жакшы билесиздер, мектептерде “орус тили”, “математика”, “химия” деп бөлүнгөн класстар болот. Предметтерге ылайык, класстын ичи дагы ылайыкташып жасалгаланат. Президент мектепти плансыз эле кыдырып жүрүп, “орус тили кабинетине” кирген учурдагы тартылган сүрөт. Аны бурмалап, саясат жасап, шакаба кылуу орунсуз деп эсептейбиз», — деп жазды Орунбеков.