Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтындагы 9-майга арналган баннер боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөтү түшүрүлгөн баннерлер боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин соцтүйүндө аянтка илинген баннерлерде кыргыз улутундагы согуштун катышуучулары тууралуу маалымат дээрлик жок экени айтылган билдирүүлөр тараган.

Мэриядан баннерлерге Советтер Союзунун 73 Баатырынын — Кыргызстандын «түптүү жарандарынын» сүрөттөрү чагылдырылганын айтышты.

«Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын муниципалитети улуттар аралык жаңжалга алып келе турган жалган маалыматтарды таратпоону суранат», — деп белгилешти мэриядан.

Кыргызстан 9-майда Жеңиш күнүн белгилейт — 1945-жылы дал ушул күнү Советтер Союзу нацисттик Германияны жеңген.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда немис армиясы Советтер Союзунун чек арасына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согушта советтер тараптан бер дегенде эле 27 млн адам набыт болгон.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон. 150 миңден ашык кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 73ү Советтер Союзунун Баатыры.