Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал аяктады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-майдагы маалымат жыйында айтты.

Ал коронавируска чалдыккандардын саны азайганын белгилеп, бирок бул COVID-19 ден соолукка чоң коркунуч жаратпай калды дегенди түшүндүрбөйт деп кошумчалады.

«Өткөн аптада ар бир үч мүнөт сайын бирден адам коронавирустан каза болду жана бул биз билген гана өлүмдөр. Бүгүн бул жерде сүйлөп жатканыбызда, дүйнөдө миңдеген адам реанимацияда өз өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Миллиондогон адам COVID-19дан кийинки алсыз абалдын кесепеттери менен жашап жатат», — деди ал.

Ошондой эле Гебреисус вирус адам өлүмүнө себеп болорун белгилеп, оору жана өлүм учурунун өсүшүнө алып келген коронавирустун жаңы түрлөрүнүн пайда болуу коркунучу бар экенин билдирди.

COVID-19 дүйнөгө жайылганда ДССУ 2020-жылдын март айында пандемия жарыяланган. Маалыматка ылайык, вирустан акыркы үч жылда дүйнөдө 20 миллионго жакын киши каза болду.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталып, расмий эсеп боюнча 406 миңден ашык адамга жуккан. Үч миңдей киши каза тапкан. Өлкөдө COVID-19 боюнча өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.