Президенттик оркестрдин негизги мүчөлөрү администрация менен болгон келишпестиктен улам иштен кетишти

«Манас» президенттик камералык оркестринин негизги мүчөлөрү, көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев менен бирге кызматтан кетишти. Бул тууралуу 7-майда Kaktus.media басылмасы Асаналиевке таянып жазды.

Ал коомчулукка расмий билдирүү жасап, учурда оркестр концерттерди убактылуу токтотконун айтты.

«Урматтуу угармандарга азырынча эч кандай концерттер болбой турганын билдирүүнү милдетим деп эсептейм. Бирок кийин сөзсүз болот, анткени биз маданиятты, жарыкты алып келебиз жана биздин аткаруубуз сөзсүз түрдө силердин жүрөгүңөргө жетет. Кантип жана качан болот, алдыда кошумча маалымдалат», — деди ал.

Асаналиевдин айтымында, оркестрдин курамы администрация менен болгон пикир келишпстиктен улам отсавкага кетүүгө аргасыз болгон.

Ал «чыгармачыл адамдар адам чыдагыс шарттарда иштегенин» белгилеп, кызматкерлердин иш таштоосуна анын таасири жок экенин кошумчалады.

«Манас» президенттик камералык оркестри мекемесинин жетекчилиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

«Манас» президенттик камералык оркестри президенттик иш башкармалыгына карайт. Ал 1999-жылы түзүлүп, 2001-жылдын 4-апрелинде «Президенттик» деген статус алган.

Оркестрди скрипач, Кыргызстандын Эл артисти, Улуттук Консерваториянын доценти Эрнис Асаналиев негиздеген. Ал оркестрде көркөм жетекчиси жана дирижёр болчу.