Сүрөт: Ошто мотосезондун ачылышына карата 200гө чукул байкер жүрүш жасады

6-майда Ош шаарында Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн «Көчмөн жолу» аталышындагы жүрүшү өттү. Шаардык мэриядан жүрүш мотосезондун ачылышына карата уюштулганын билдиришти.

Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандык мотоклубдардын 200гө жакын байкери катышып, өздөрүнүн мото башкаруу ыкмаларын көрсөтүштү.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров өлкөдө мото-туризмдин өнүгүп жатканын белгилеп, калаа бийлигинин атынан катышуучуларга ийгилик каалады.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Мэриядан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан мото жүрүштүн максаты жол коопсуздугун камсыздоо жана бул спорттун түрүн жайылтуу экенин айтышты.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Жүрүш Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен «Кыргызстан мотоциклисттери» коомдук бирикмеси, «Биргелешкен мотоциклисттер» тобу жана «Байкерлер KG» сыяктуу уюмдар тарабынан уюштурулду.