Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө

Бишкекте 9-май Жеңиш күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүрүшкө 10 минден ашык адам чыкты.

Жүрүш Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан башталып, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү менен Фрунзе көчөсүнө — Жеңиш аянтына — чейин уланат.

Сүрөт: Жоомарт Дуулатов/Kloop

Ошондой эле Жеңиш аянтында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда митинг-реквием өтөрү айтылган.

Ушул эле маалда Москвада өлкө башчысы Садыр Жапаров катышкан Жеңиш парады өтүп жатат. Ага Путиндин чакыруусу менен бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Беларусь менен Армениянын лидерлери катышары кабарланган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 68 ардагери калды.

«Өлбөс полк» акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилгелеп, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-жылдары жүрүш болгон эмес. 2022–жылы өткөрүлгөн.

Кыргызстан 9-майда Жеңиш күнүн белгилейт — 1945-жылы дал ушул күнү Советтер Союзу нацисттик Германияны жеңген.
Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда немис армиясы Советтер Союзунун чек арасына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согушта советтер тараптан бери дегенде эле 27 млн адам набыт болгон.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон. 150 миңден ашык кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 73ү Советтер Союзунун Баатыры.