Эмомали Рахмон Жеңиш парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага учуп кетти. Мурдараак Эл аралык жазык соту Путинге аскердик кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган

Тажик президентинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Рахмон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. 

Рахмон Орусияга келери тууралуу орус ЖМКсы бир нече күн мурун жазган. Бирок Тажикстандын өлкө башчысынын администрациясы Рахмондун парадга катышарын 8-майда гана жарыялады.

Рахмон 9-майда Москвадагы парадга катыша турган үчүнчү чет өлкөлүк президент болот. Ага чейин Орусияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жөнөгөн, анын артынан парадга катыша турганын Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев да билдирген

Борбор Азиянын үч мамлекетинин президенттеринин иш сапары 2022-жылдын февралында Орусиянын кол салуусу менен ошол өлкөнүн аймагында башталган Украинадагы согуш жүрүп жаткан шартта болууда. Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы согуш маселеси боюнча БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманып келишет.   

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун Москвада өтө турган парадга катышуусу 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон чек ара жаңжалынан бери эки өлкө башчы такыр байланышпаганы менен да маанилүү. Эки өлкө тең агрессияга бири-бирин айыптаган, ал эми Москва өлкөлөр ЖККУнун курамына киргени менен эки өлкөнүн ортосунда калыс боло алган эмес.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок аутууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.