Бишкек — Раззаков — Бишкек багыты боюнча авиакаттам жанданды

«Манас» Эл аралык аэропорту Бишкек — Раззаков — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жандандырды. Бул тууралуу 10-майда аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.


Учууларды 16-майдан тартып «Тез Жет» авиакомпаниясы аткара баштайт. Учуулар жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.