Баткенди калыбына келтирүү: Насыясын өндүрө албаган ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты

Нааразычылык акцияга чыккан ишкерлер. Сүрөт: Жеңиш Айдаров / Azattyk

11-майда Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүүдө курулуш материалдарын саткан ишкерлер облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Баткен облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ишкерлер курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө курулуш материалдарын жана азык түлүктөрдү насыяга берип, акчасын ала албай жатышат.

«Ишкерлер менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолукту. Бул маселе боюнча алардын арызы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери башталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Turmush басылмасы «Келечек ЛТД» курулуш компаниясынын субподрядчик милдетин алган өзбекстандык эки ишкер Баткен шаарындагы курулуш материалдарын жана азык-түлүк саткан ишкерлерге 7 млн ​​сомго чукул акча карыз болуп калганын жазды.

Ошондой эле Ак-Сай айыл аймагын калыбына келтирген «Алмалуу-Доор курулуш» компаниясы Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы соодагерлерге 12 млн сом карыз болгон. Курулуш материалдарын жана азык-түлүк саткан ишкерлердин айтымында, аталган компания карызы бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.

Баткенде 14-17-сентябрда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө тендерди «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы утуп алган. Компания үйлөрдү куруу үчүн 33 субподрядчик жалдаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, «Алмалуу-Доор курулуш» компаниясы ишти аткаруу мөөнөтүнөн артта калган. Ал мунун себебин апрель айынын аягында «курулушчулар менен компаниянын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонунан улам» келип чыкканын айткан.

Орунбеков «компания жетекчиси кырсыкка учурап, байланышка чыкпай, жумушчулар алданып калдык деген ой менен ишин токтотуп, президентке да кайрылышкан» деп билдирген.

Кийинчерээк президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Алмалуу-Доор курулуш» компаниясынын жетекчиси жана курулушчулардын өкүлү менен жолугушкан. Орунбеков айтымында, чогулушта тараптар «бир пикирге келишип», куруучулар калган жумуштарды 15 күндүн ичинде бүтүрүп берүүнү убадалашкан.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен 417 үй талкаланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенди калыбына келтирүү: Бийлик кыйраган үйлөрдү 1-майга чейин бүткөрүүнү убадалады

Баткен: Мамкурулуш усталардын эмгек акысы эмнеге төлөнбөй жатканы боюнча түшүндүрмө берди

«Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат