Кош бойлуу аял милициянын кыйноосына кабылганы боюнча ишти кароо созулуп жатканы айтылды

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын прокурорлору 46 жаштагы Наргиза Ражапованын милиционерлер тарабынан кыйноого алынышы боюнча сот отурумуна келбей жатат. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоочу уюмунан билдиришти.

Уюмдун адвокаты Элдор Бакировдун айтымында, прокуратуранын өкүлдөрү төрттөн көп жолу соттук отурумдарга келишкен эмес.
«Алар келбегенинен улам судья сот процессин жылдырууга мажбур болуп болуп жатат, бул иштин каралышына жана келинди кыйноого алгандардын жоопко тартылышына тоскоолдук жаратып жатат», — дешет укук коргоочулар.

Бул иш боюнча акыркы сот отуруму 3-майда өтүшү керек болчу, бирок жабырлануучу тараптын жактоочусу прокурорду бир сааттан ашык убакыт күткөн, ал отурумга келген эмес.

Ражапованын кыйноого алынышы

2017-жылдын мартында милициянын подполковниги Таирбек Уларов киши колдуу болгон. Ал ИИМдин алдындагы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкери болчу.

Уларовду өлтүрүүгө шектелип Наргиза Ражапова атту жаран, анын жолдошу, жашы жете элек уулу жана бир тууганы кармалган.

Жыйынтыгында Ош шаардык соту Ражапованын жолдошун «Адам өлтүрүү» жана «Алдамчылык» беренелери менен күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми аялдын бир тууганы кылмышты жашырууга күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Соттон белгилешкендей, экөө тең кылмышты мойнуна алышкан эмес, бирок тергөө алардын күнөөсүн далилдеген.

Бирок, Ражапованын айтымында, жолдошу кыйноодон улам подполковник Уларовду өлтүрүү боюнча күнөөнү моюндаган. Аял Ош ШИИБдин кызматкерлери аны жана жакындарын сабап, баштарына баштык кийгизип муунтуп, тырмактарынын алдына ийне сайып, ал эми Жоодар аттуу кызматкерлердин бири жыныс органына бөтөлкө тыгып жибергенин айтып берген. Натыйжада жыныс органына кан уюп, боюнан түшүп калган — Ражапованын айтымында, курсагындагы балдар эгиз болгон.

Ош ШИИБнен болсо милиционерлерди «негизсиз айыптап жатышат» деп билдиришкен.

Кыйноого алынганы тууралуу билдирүүдөн улам Башкы прокуратура кыйноо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок 2019-жылы декабрда Ош УКМКсы милиционерлерге каршы ишти токтоткон. Мындай чечимди тергөөнү жүргүзүп жаткан УКМК кабыл алган.

Ражапова чечим боюнча сотко даттанып аппеляциялык арыз менен кайрылган, бирок алгачкы эки инстанция УКМКнын чечимин күчүндө калтырган. Бирок 2022-жылдын ноябрынын аяк ченинде аялдын кыйноого алынышы боюнча иш соттун жаңыдан кароосуна кайтарылган. Ражапова БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу ниетин билдирген.