«Куликов» кондитердик үйү 9-майда сатыкка чыккан торттор боюнча сынга жооп берди

Кыргызстандыктар белгилүү «Куликовский» кондитердик үйүнүн 9-майга* карата жасалган тематикалык тортторун сынга алышты.

Соцтүйүндүн колдонуучулары компаниянын дүкөндөрүндө тартылган сүрөттөрдү жарыялашты. Анда танка жана граната түшүрүлгөн торттор болгон. Ал эми таттуулардын биринде «Берлинди карай» деп жазылган.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бул марканын азыктарын сатып албагыла деген чакырык таштады.

«Сатыктагы согуштун элементтери, фашизмдин белгилери туюндурулуп жасалган береги жана башка тортту көрүп алып көңүлүм кайт болду. Мына айрымдар мактап жүргөн Куликовдун кылыгы. Кондитердик азык түлүк аркылуу да согушту пропогандалап жатканы кечиримсиз, аша чапкандык,ал турмак чыккынчылык дагы болуп саналат. Болбойт мындай кытмырлык. Бул кылмыш. Жоопко тартылышсын», — деп жазды ал.

Юрист Нурбек Токтакунов Facebook барагына компаниянын мобилдик тиркемесин өчүрүп салганын жазды.

Укук коргоочу Эркина Убышева «мындай милитаризм жыттанган таттуу өндүрүүчүлөргө байкот жарыялоого» чакырды.

Кыргызстандыктар негативдүү комментарийлерди «Куликовдун» Инстаграм барагындагы посттуна да калтырышкан. Компания аларга төмөнкүчө жооп берди.

«Кутман күн! Торттордун аталышына жана темасына байланыштуу мындай кырдаал жаралганы бизди абдан өкүндүрөт. Бардык комментарийлерди көңүлүбүзгө алабыз жана келечекте мындай абалды жөнгө салабыз».

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок атууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.