Улуттук энергохолдинг: Эми электр энергиясына болгон баа жыл сайын өзгөрүп турат

Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа инфляцияны эске алуу менен жыл сайын өзгөрүп турат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев 11-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон баа 2023-жылдын аягына чейин өзгөрбөйт. Ал баага өзгөтүүлөрдү киргизүүгө Энергетика министрлигинин Отун-энергетикалык департаменти жооптуу экенин белгиледи.

«Быйыл канайдыр бир оңдоп түзөөлөр болот, бирок тарифтердин өзгөрүүсү күтүлбөйт. Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн колдонулуп жаткан коэффициенттер жаңыланышы мүмкүн. Керектөөчүлөрдү тынчтандыра кетели», — деди ал.

Байгазиев электр энергиясына болгон баанын жогорулашы эки миллиард сомдон ашык киреше алып келерин белгилеп, каражат жаңы конуштарды энергия менен камсыздоого жана эски чубалгыларды алмаштырууга жумшаларын кошумчалады.

Өлкөдө 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түздү. Ал эми калктын аялуу катмары үчүн тариф өзгөртүүсүз калтырылды.

Министрлер кабинетинен тарифтердин жогорулашын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагындагы карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеп, бааны көтөбөсө 10-15 жылдан кийин энергетика тармагы «биротоло талкаланып жок болуп кетет» деп билдирген.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

 

Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баанын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди