Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баанын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны көтөбөсө, 10-15 жылдан кийин өлкөдөгү энергетика тармагы «биротоло талкаланып жок болуп кетет» деп билдирди. Бул тууралуу ал 27-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетика тармагындагы карызы 137 миллиард сомду түзөт. Ал электр энергиясынын өздүк наркынан төмөн саткандан чыккан айырма карыз болуп топтолуп жүргөнүн белгиледи.

«Бирок ошол ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен түздөн-түз башка чыгымдары жок эле түптүз элге жетип калбайт да. Ортодо чыгымдар бар. Мисалы энергетиктердин эмгек акылары, сатылып алынып жаткан жаңы тетиктер, зымдар, мамычалар, тейлөөгө кеткен чыгымдар, көмүр, мазут, импорттоп алып келген электр энергия, техникалык жоготуулардын баары биригип өздүк баага кошулат. Ошол үчүн өздүк баа 2 сом 38 тыйынга чыгып атат. Биз болсо бүгүнкү күндө 1 кВт/саат электр кубатын 0,77 тыйындан сатып келебиз», — деди ал.

Өлкө башчысы буга чейинки президенттер «эл толкуп кетет деп коркуп, тарифти көтөрбөгөнүн» айтып, жыл сайын энергетика тармагын улам «тереңдеп карызга батып отурган» деп кошумчалады.

Жапаров өлкөдөн чыккан электр кубаты өзүбүзгө жетпейт деп белгилеп, кышында 3 миллиард кВт/саат электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн сатып аларын билдирди.

«Мен келгенде кандай кылдым? Кошуналардан кыштын күнү накталай акчага электр кубатын сатып алган жокмун. Кышта бизге электр кубатын бересиңер, жайда силерге суу агызганда генератор аркылуу агызам. Ошондон чыккан электроэнергия менен кайра кайтарам деп, сууну генератор аркылуу агызып, электроэнергиясын кайтарып коюп атабыз», — деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы энергетика тармагындагы карыздан кутуларын белгилеп, ага убакыт керек экенин кошумчалады.

«Албетте, уурулукту 100 пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Майда-чүйдө уурулуктар кармалып жатат. Камап, кайра төктүрүп жатабыз. Мурдагыдай системалык уурулук жок. Эгер кимдир бирөөлөр уурдап жатканын билсеңер ачыкка чыгарып берсеңер, андай иштер бизге чоң жардам болот. Эл өзү да энергетика системасындагы уурулукка каршы күрөшүш керек», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго 14-апрелде минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттайт