Бир кадр менен: Унаа кураштыруу жана чыгаруу боюнча кыргыз-өзбек заводу курула баштады

Кыргызстан менен Өзбекстан Чүй облусунун Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча заводду куруп баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Заводдун курулуш долбоору. Сүрөт Министрлер кабинетиники.

Заводдун курулушуна капсула салуу салтанатына Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты. [...] Мунун далили катары мына бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор», — деди Жапаров.

Заводдун курулушу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2023-жылдын январында Кыргызстанга расмий сапары менен келип кеткенде макулдашылган. Министрлер кабинети алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөрүн белгиледи. 1000ден ашуун туруктуу жумуш оруну түзүлөт.