УКМК: Мадумаровдун активдүү тарапташы улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

УКМК «Куба буба» фейсбук аккаунтунун ээси Кубанычбек Асановду улут аралык кастыкты козутууга шектеп кармады. Маалыматты атайын кызматтан «Клоопко» тастыкташты.

Билдирүүдө кармалган жаран Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун активдүү тарапташы экени айтылат.

Кармалган Кубанычбек Асанов. Сүрөт: УКМК

«Асанов көптөн бери социалдык тармактарда “Куба буба” аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Асановдун билдирүүлөрүндө улут аралык кастыктын, ошондой эле улутуна карата кастык мамиленин белгилери бар», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ага «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.