Базар-Коргон районунда катуу жаандан улам сел жүрдү, жабыркагандар жок

14-май саат 02:30 чамасында катуу жаандан улам Базар-Коргон районундагы Карача айылында сел жүрүп, 15 турак үйдүн короо-сарайларын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктые кеспетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тактоо иштерин алып барууда.

ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмдүн куткаруучулары короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштерин аткарып жатышат. Ошондой эле райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Аны менен катар айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилди.

Буга чейин, 13-майда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунда сел жүргөн. Кырсыктан турак-үйлөр жана социалдык объектилер жабыр тарткан эмес.