Кара-Суу: Тургунду тапанча менен коркутуп, акча талап кылган шектүү кармалды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургунун тапанча менен коркутуп, акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу 13-майда Ош облусттук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү милицияга Кара-Суу районунун тургуну белгисиз киши тапанча менен коркутуп акча талап кылганын айтып кайрылган.

Бул боюнча «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Жабырлануучу милиция кызматкерлери менен даярданып, белги коюлган акчаларды шектүүгө берген. Натыйжада кылмышка шектелип Кара-Кулжа районунун тургуну кармалган.

«Далил буюм катары 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты шектүүнүн баштыгынан алынды. Мындан сырткары үйүн тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү бир даана тапанча, 1 даана ок кутучасы, 4 даана 9 миллиметр калибрдеги октор табылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Милициядан далилдердин негизинде шектүү кылмышты толугу менен мойнуна алганын белгилешти. Ал эми куралдардын үлгүсүн так аныктоо үчүн жана атууга жарактуулугун текшерүү максатында соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Шектүү 2 айга камакка алынып, учурда тергөө уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдө 40 миң доллар акча опузалоого шектелип блогер кармалды

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды