Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Свердлов РИИБ

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт кишиден турган топ кармалды. Бул тууралуу 18-февралда «Клоопко» Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 17-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз келип түшкөн.

Арыз ээси ошол эле күнү түнкү саат 00:10 чамасында Чыгыш-5 кичирайонунда анын алысыраак таанышы жана белгисиз үч киши кыйнап, аны «Мазда 626» үлгүсүндөгү унаага салып белгисиз жакка алып кетишкенин айткан.

Шектүүлөр ага физикалык күч колдонуп, курч предмет менен коркутуп 200 миң сом акча талап кылышкан. Андан соң «Redmi» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, арыз ээсин белгисиз жакка таштап из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары кичүүсү — 23, ал эми эң улуусу — 39 жаштагы төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 11-февралда, Ош шаарында акча опузалоого шектелип спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалган.

Шектүүлөр жабырлануучуга физикалык күч колдонуп, кекиртегине бычак такап, башына баштык кийгизип, белгисиз жакка алып кетишкен. Андан соң андан акча талап кылышкан.

УКМКнын кызматкерлери шектүү катары үч кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишип, тергөө иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Спортчулардан турган кылмыштуу топ акча опузалоого шектелип кармалды