«Министрликтин кызматкери». Бишкекте түнкү клубдун жанында ок чыгарган киши кармалды

Материал 17:44тө  жаңыланды.

Бишкекте 14-майга караган түнү Асанбай кичи районундагы Suzie Wong түнкү клубунун жанында тапанчадан ок чыгарган киши кармалды. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы Октябрь райондук милициясына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга түнкү саат 03:00 чамасында Асанбай кичи районундагы Suzie Wong түнкү клубунун жанында ок атылганы боюнча билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери белгисиз адам түнкү клубдун кире беришине жакын жерден коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, куралы менен асманга ок чыгарганын аныктаган.

Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Kaktus.media басылмасы кармалган шектүү Экономика министрлигинин кызматкери экенин укук коргоо органдарындагы булагына таянып жазды.

24.kg басылмасы Экономика министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип шектүү үч күн мурда өз каалоосу менен жумуштан кеткенин билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Тойдогу кортежде асманга 10 жолу ок чыгарган киши кармалды