Жалал-Абад: Тойдогу кортежде асманга 10 жолу ок чыгарган киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үйлөнүү тойдогу кортежде асманга 10 жолу ок чыгарган киши кармалды. Бул тууралуу 20-февралда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Буга чейин соцтармактарда аталган окуянын видеосу тараган. Анда үлпөт тойдогу кортежде «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн белгисиз жаран ок чыгарган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми ок чыгарган Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы тургуну милицияга алынып келинген.

Териштирүү иштеринде ал өзүнө таандык «Сайга МК-1» куралынан ок чыгарганы белгилүү болгон.

Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Автору: Албина Жыргалбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Тойдо тапанчадан ок чыгарган тургун кармалды

Ошто той кортежинде тапанчадан асманга карай аткан киши кармалды

Ошто ок атып, интернетке видео тараткандардын аты-жөнү такталды