Ысык-Көлдө Асман шаарын курууга 1 млрд доллар сала турган инвестор табылды

Ысык-Көлдүн жээгинде экологиялык жактан таза Асман шаарын курууга Түштүк Кореядан келген компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Turmush басылмасы 12-майда аталган ишкананын өкүлү Таалайбек Айдаралиевге шилтеме берип жазып чыкты.

Азырынча инвестор боло турганы айтылып жаткан кореялык компаниянын аты атала элек. Ал эми Айдаралиев бул чоң холдинг экенин, анын курамына ар кайсыл аймактарда иштеген 12 компания кирерин айткан.

Маалыматка караганда, шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекция дүйнөдөгү ири 10 архитектуралык компанияга кат жөнөткөн. Алардын алтоосунан жооп келген, анын ичинде япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы да бар.

Компаниялар Кыргызстанды изилдеп, өз сунуштарын жөнөтүшкөн. Ошондой эле сунуштар Гонконг, БАЭ, Голландиянын компанияларынан да түшкөн.

Басылма үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде инвесторлор курулуш боло турган жерге барганын жана сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.

29-апрелде президент Садыр Жапаров шаардын курулуш долбоору менен жеринде таанышкан. Анда жакын арада шаардын курулушуна капсула салынары белгиленген.

Асман шаарынын долбоору. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

 

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор тууралуу 2021-жылдын июлунда эле айтыла баштаган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, аэропортко жакын жерге курулат. Долбоордун авторлорунун айтымында, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, 7-10-жылда курулуп бүтөт. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жакында Асман шаары курула баштайт: Президент Ысык-Көлдөгү курулуш долбоорлору менен таанышты