ТИМдин башчысы: Бизде Орусия менен кызматташпай койгудай тоскоолдуктар жок

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев батыш тараптан санкциялар кириши мүмкүн делип жаткан сөздөргө карабастан Кыргызстандын Орусия менен кызматташтыгында анчалык деле көйгөйлөрдү көрбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ТИМ башчысы «Россия 1» телеканалынын журналистине айтты.

«Биз стратегиялык өнөктөшпүз. Биздин кызматташтыгыбыз үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Биздин батыштагы өнөктөштөр санкциялар болушу мүмкүн дешүүдө, бирок биз деле өз эрежелерерибиз менен баратабыз да жана андай деле көйгөйлөр жок», — деди Кулубаев.

Кыргыз бийлиги орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салганына карабастан Орусия менен экономикалык кызматташтыгын анда ары да уланта берерин көп эле айткан.

Акыркы жолу президент Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда Кыргызстан Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан.

Мындан тышкары, ЖККУ жана ЕАЭБге мүчө Кыргызстан, британиялык The Economist журналынын маалыматына ылайык, «Орусиянын достору» рейтингинде үчүнчү катарга чыккан.

Эксперттер Кыргызстан Орусияга батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деп болжошууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, соңку жылы Орусияга жасалган реэкспорттон Кыргызстан 36 млрд сом пайда көргөн.

Мунун шартында Батыш жана Евробиримдик өлкөлөрү Кыргызстандын бийлигине санкцияларды кыйгап өтүүдө Орусияга жардам берүүгө жол берилбеши керектигин айтып эскертишкен.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинди аскердик кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыкканына жана батыш өлкөлөрүнүн эскертүүлөрүнө карабастан Путинди Бишкекке расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Путин сунушту кабыл алган.