«ЖМК жөнүндөгү» жаңы мыйзамда «бир жыныстуу никени пропагандалоого тыюу салуу сунушталат

Президенттик администрация цензура киргизүү аракети үчүн юристтер менен медиакоомчулуктун бир канча жолку сынына кабылган «ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун кезектеги вариантын сунуштады.

Мыйзам долбоорунун жаңы вариантында ЖМК менен веб-сайттар «порнография, калктын ден соолугу менен адеп-ахлагына зыян келтирген бир жыныстуу никеге, зордук-зомбулук жана мыкаачылыкка баш ийген материалдарды жайылтуу» менен алектенбеши керек деген норманы киргизүү сунушталып жатат.

Мындай тыюу салуу «Өз оюн эркин айтууга, сөз эркиндиги менен басылмага, маалымат алуу жана жайылтууга кыянттык менен пайдаланууга жол бербөө» беренесинде камтылган.

Ошол эле кезде бул бийликтин маалыматка цензураны киргизүү боюнча биринчи эле аракети эмес.
Мартта парламент депутаты Жамиля Исаева айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн сунуштаган, өзгөртүүлөр «балдарга зыян келтирүүчү маалымат тараткан» жарандарга айып салууга мүмкүндүк берет.

Уят сөздөрдү камтыган маалыматтардан тышкары, Исаева үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн урматтабоону калыптандырган маалыматтарды жайылткан үчүн дагы айыптоону сунуштаган.

Исаева сунуштап жаткан түзөтүүлөрдүн бири ЖМК жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү. Ал аталган мыйзамга балдардын ден соолугу, дене бою, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыянын тийгизүүчү маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу бөлүгүн кошууну сунуштап жатат.