Мамбашкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны өркүндөтүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын сайтында маалымдалды.

«Кыргызстанда санариптик экономиканы активдүү өнүктүрүү, ошондой эле бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, биринчи кезекте мамлекеттик башкарууга заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат сайтта.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, жарык санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү үчүн кабыл алынды.

Алсак, жарлыкка ылайык:

  • Башкы прокуратура бир айлык мөөнөттө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Коопсуз шаар» долбоорун техникалык коштоо функциясын «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берет;
  • 2023-жылдын 1-июнунан тартып министрликтердин же башка мамлекеттик мекемелердин иштеп жаткан орун басарларынын бирине санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басарынын ыйгарым укуктары жүктөлөт;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Инфоком», «Инфосистемс», «“АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору», «“Бирдиктүү терезе” борбору» мамлекеттик ишканаларынын, «Түндүк», «Салык сервис», «Кадастр» мамлекеттик ишканаларынын, «Электрондук саламаттык сактоо борбору», «Адилет сот» мекемелеринин, санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын ишин координациялайт.