ЕРӨБ Кыргызстанга Майлуу-Суудагы уранды зыянсыздандырууга 23 млн сом берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу үчүн 23 млн сом бөлүү тууралуу гранттык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы Фейсбук барагында билдирди.

Келишимге 16-май күнү Өзбекстанда Европа банкынын Башкаруучу Кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда кол коюлду.

ӨКМдин маалыматына ылайык, долбоор кыргыз өкмөтү менен Европа банкынын ортосундагы Алкактык макулдашуусунун алкагында демилгеленген.

«Долбоордун алкагында 16 уран калдыгын зыянсыздандыруу, 4 уран калдыгын сактоочу жайды коопсуз жерге көчүрүү жана уран өндүргөн мурдагы ишкананын эски имараттарынын бузуп зыянсыздандыруу каралган», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

ӨКМден Европа банкы менен түзүлгөн келишимдин алкагында буга чейин Кыргызстанда Шекафтар жана Миң-Куш айылдарындагы калдык сактоочу жайлар ийгиликтүү зыянсыздандырылганын дагы кошумчалашты.

Тема боюнча: «Балдарымдын ден соолугу үчүн корком». Майлуу-Сууда тургундар эски түтүктөн кир суу ичишет