Ош шаарындагы Райымбеков көчөсү толугу менен жаңыланат

Ош шаарындагы Жолдошбек Райымбеков көчөсү толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу 15-майда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Раимбеков көчөсүнүн Масалиев проспектисинен баштап, Кара-Суу көчөсүнө чейинки абалын жеринен байкап, көчөнү көрктөндүрүү, жолго асфальт төшөө жана жарыктандыруу жумуштарынын жаңы долбоору менен таанышты.

Жолдун жалпы узундугу 530 метрди, туурасы 22 метрди түзөт. Андан сырткары, жолдун эки тарабындагы 5 метрден 8 метрге чейинки тротуарларды оңдоп-түзөө иштери каралганы айтылды.

Ошондой эле аталган көчөнү жаңылоо боюнча долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөгү бар аянтчалар, заманбап жарыктандыруу, видеобайкоо системаларын орнотуу, жашылдандыруу, калк үчүн эс алуучу жайларды куруу пландалган.

«Аны менен катар инсталляциялар, фотозоналар, ар түрдүү жарнамалык, майрамдык, анимациялык LED экрандар орнотулат. Көчөгө кооздолгон чатырлары бар отургучтар, велосипед токтотуучу жайлар салынып, аталган аймакка 265ке жакын бак-дарак жана 118 бадал отургузулат», — деп билдиришти мэриядан.

Шаар бийлигинен мэр Жетигенов коюлган пландарды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды бергенин белгилешти.

Автору: Нагима Козуева