Жалал-Абад: Гемодиализ борборун куруу милдеттенмесин аткарбаган компаниянын директору кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар үчүн гемодиализ борборунун имаратын куруу милдеттенмесин аткарбаган ЖЧКнын директору кармалды. Бул тууралуу 17-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын октябрында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына суммасы 15 млн 941 миң 684 сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган.

Анда тендердин 12 млн 907 миң 508 сом сунуштаган «А.С.С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Аталган мекеменин директорунун эсебине 7 миллион 781 миң сом которулган. Бирок ал 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүрүп, дайынсыз жоголгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча териштирүү уланып жатат.