Бир кадр менен: Биринчи айым менен Садыр Жапаров Кытайга келди

Биринчи айым Айгүл Жапарова менен президент Садыр Жапаров 17-майда мамлекеттик сапары менен Кытайга келди.

Биринчи айым Айгүл Жапарова менен президент Садыр Жапаров Кытайга келди/ Сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы

Президент баштаган делегация Сиань шаарынын аэропортуна келип конду. Ал жактан аларды Кытайдын маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.

Президент Кытайга «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышуу үчүн келди. Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу дагы күтүлүүдө. Президент сапардын алкагында Сиань, Пекин жана Цзинань шаарларына барат.