Бозгун президент Бакиев адвокат жалдап, өз иши боюнча сотко катышкысы келет

Тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирди. Бул тууралуу ал коомдук ишмер Кадырали Кошалиевге курган маегинде айтты.

Бакиев жалдаган адвокаты Кыргызстанга келип, иштин материалдары менен таанышуусун каалайт. Анын айтымында, бул адилеттүүлүк үчүн керек.

«Мен укканыма караганда, мага экономикалык, кандайдыр саясий кылмыш иши жок. Мага биринчи Ак үйдүн алдында каза болгон балдардын, ошонун негизинде соттоп атышат. Бир мисал келтирейин, биз Лондондун сотуна катышканбыз ушул жерден. Лондондун сотуна бирөө биздин үстүбүздөн арыз жазып, ушундай буйрутма киши өлтүрүүгө тиешеси бар деп, видеобайланыш аркылуу онлайн катыштык, сотту жеңип чыктык. Мен, менден кийин балам Марат катышты. Жанагы арыз жазганга айып пул салышты [...] Мен айтып атам азыр, ошондой өткөрөлү процесс, мен ушул жерден туруп катышайын, ачык сот процесси болсун, Кыргызстанда судьялар, прокурорлор башкалар, катышам дегендер баары турсун, мен катышайын», — деди мурдагы президент.

Бакиевдин айтымында, ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген.

«Мени айыптоо маселе боюнча, эң чоң катачылык кетирилген, Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелерин бузуу менен болгон. Ошого карабастан, ишти сотко өткөрүп, соттоп салышты. Бирөө келип сурап койбоду да, кандай болду 7-апрель деп. [...] Менден адвокат болгон жок. Өздөрү адвокат белгилеп, баарын өздөрү чечип, өздөрү токуп дегендей, чечим чыгарып койгон. Анда бул кызык прецедент болуп жатат да», — деди ал.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качкан, ал жерде башпаанек алып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жашап келет.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек. Бирок кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

Тема боюнча окуңуз:

Видео: Качкын президент Бакиев жана анын уулдары кандай шартта жашап жатышат?

Жапаров: Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз