Ош: Бажычылар жана темир жол башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

 

«Достук» өткөрмө бекети. Сүрөт: Интернеттен алынды

Бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы, кезектик башчысы жана Ош темир жол башкармалыгынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу 18-майда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жогорудагы адамдар «Достук» өткөрмө бекетинде бажы процедурасынын жери аркылуу жеке ишкерлерден акча чогултуп, мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Атайын кызматтан учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын айтышты. Тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин, 16-майда Ош облусундагы «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайында жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлган.

Жоопкерчилиги чектелген эки ишкана чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жашыруун келишим түзүп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Транспорт министрлигинин 13 кызматкери коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды