Унаалар үчүн «жашыл номерлерди» киргизип, ээлерине жеңилдиктерди берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев электромобилдерге, катализатору жана ОСАГО камсыздандыруу полиси бар унааларга «жашыл номерлерди» киргизүүчү мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзамдын долбоору коомдук талкуу үчүн парламенттин сайтына жарыяланды.

Депутат «жашыл номерлердин» ээлерине жол эрежесин бузган учурда айып пулдардын жана транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда алымдардын өлчөмүн 50%га чейин азайтып берүүнү сунуштоодо.

Депутат төмөнкүдөй жеңилдетүүлөрдү дагы сунуштап жатат:

  • кыймылдуу мүлккө салыкты азайтуу;
  • транспорт каражатынын каптал айнектерин, алдыңкы эшиктерин караңгылатууга уруксатты тариздөө үчүн чендерди азайтуу;
  • акы төлөнүүчү муниципалдык автопарктарда унаа токтотуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнү азайтуу.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде мыйзамды ишке ашыруу өлкөдөгү экологиялык кырдаалга олуттуу оң таасирин тийгизери жана электромобилдерди өндүрүүнү жана сатууну өнүктүрүүгө жардам берери, бул жалпы эле өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөрү айтылат.

Андан тышкары, Маматалиев документтин технологиялык артыкчылыктары дагы бар деп эсептейт. Анын айтымында, электромобилдерди колдонуу электр май куюучу бекеттердин инфраструктурасын кеңейтүүгө жана аккумулятордук технологияны өнүктүрүүгө алып келет.

«Жашыл номерлерди колдонуу мындай технологияларды жана инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү берүүчү фактор боло алат», — деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.

Депутат ушул эле мыйзам долбоору менен «жашыл техникалык паспортторду» дагы киргизүүнү сунуштап жатат. Бул документ кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү менен сапатынын негизинде экологиялык эффективдүүлүгүн баалоонун жыйынтыгы боюнча берилип турат.

«Жашыл техникалык паспорт» турак жай үчүн жеңилдиктерди алууга мүмкүндүк берет. Ал кандай жеңилдиктер болорун Министрлер кабинети аныктайт.