УКМК мамлекеттик ишкананын директорун 1 млн сом пара алып жатканда кармады

Кармалган жетекчи. Сүрөт: УКМК

Мамлекеттик ишкананын директору инвесторлордон 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 19-майда «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жетекчи кенди иштетүүгө лицензиясынан ажыратабыз деп коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылган.

«Аталган башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын да талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Бул кылмышка тиешеси бар экинчи адам да пара менен кармалган. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 22-апрелде Чүй облусунун Москва районундагы салык кызматынын эки инспектору пара алып жатканда кармалган. Алар салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, иш жүзүндөгү кирешесин жашыруу жана кийин мамлекеттик каттоо кызматына кыймылсыз мүлк салыгы боюнча карызы жок экени жөнүндө маалымкат берүү үчүн аялдан 100 миң сом талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«100 миң сом талап кылган». Салык кызматынын эки инспектору пара алып жатканда кармалды

УКМК: Прокурордун улук жардамчысы 5 миң доллар пара алып жатканда кармалды