Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган шектүү кармалды

ИИМдин курсанты 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмү боюнча күбөнү коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган шектүү кармалды. Ал маркумдун өлүмүнө шектелип жаткан адамдын таанышы.

Башкы прокуратуранын 19-майдагы маалыматына ылайык, шектүү күбөнү тергөөдө жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап, талабын аткарбаса күч колдонуп, аны каралаган маалыматтарды интернетке жарыялап саларын айткан.

Көзөмөл органдан шектүүнүн вебкам-студия иштетери да аныкталганын кошумчалашты.

«Ал Бишкектин аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды», — деп белгилешти прокуратурадан.

Шектүүнүн иш-аракетин күбөлөндүргөн далил буюмдар табылып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Улан кызынын өлүмү жана соттун чечими

ИИМдин академиясында окуган 24 жаштагы Айза Улан кызын 9-январда эртең менен унаа коюп кеткен. Айдоочу курсант кызды Республиканская көчөсүндө жолдон өтүп баратканда коюп кеткен. Андан кийин айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, милициядан үч күн жашырынып жүргөн, бирок ал видеокөзөмөл камералары аркылуу табылып, кармалган.

17-январда Бишкектин Свердлов райондук соту аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Ал мурда укук коргоо органдарында иштегени белгилүү болгон.

Бирок 12-майында прокуратурадан бул иш боюнча жаңы шектүү кармалганын билдиришкен. Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган.

«Буга чейин бул ишке шектүү катары кармалган милициянын мурдагы кызматкери автоунаада болгон эмес жана уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталды. Шектүүнүн атасы оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан, камакка алынбашын билген жана уулунун бул кылмышка тиешеси бар экенин жашырып, жалган көрсөтмө берген», — деп белгилешкен прокуратурадан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ академиясынын курсантын өлтүрө коюп кеткен киши үй камагына чыкты

ИИМдин курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектелген айдоочу эки айга камакка алынды