Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар кайрадан ачкачылык жарыялашты

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 19-майдан тарта кайрадан ачкачылык жарыялашты. Алар Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна жана акыйкатчыга кайрылышты.

сүрөт: Апрель тв

Алар жети айдан бери камакта мыйзамсыз отурганын белгилеп, мурдагы абак бөлмөлөрүнөн башка бөлмөгө которуп салышканын айтышты.

«15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда үч күнгө айып бөлмөсүнө камашты. Биз бул аракеттерди өз оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз» — деп белгилешти алар.

Абактагылар «мындай ыплас саясий куугунтукка каршы» төмөнкү талаптар менен ачкачылык жарыялашты:

  • Кемпир-Абадчыларга болуп жаткан моралдык-психологиялык басым токтотулсун.
  • Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Автору: Айжамал Бексултанова