Прокуратура: Тамчыдагы аялдамаларды курууга дээрлик миллион сом сарпталган, эки аткаминер кармалды

Башкы прокуратура «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын билдирди. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгон. Анда курулуштун сапаты келишимге ылайык кабыл алынбаганы да аныкталган.

Райондук прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү камакка алды. Азыркы тапта бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, курулган объектилерге курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалды.